Жогорку Кеңештин жыйыны Түркияда каза болгондорду эскерүү менен башталды (видео)
Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Түркияда жер титирөө катталганын айтып, 5 миңден ашык адам каза болгонун билдирди.
"Биз парламенттин атынан Түрк парламентине көңүл айтуу жолдодук", - деген төрага жыйынды 1 мүнөттүк эскерүү менен баштады.