Жогорку Кеңештин алдындагы митинг. Акциянын катышуучулары төрага менен жолугуп чыкты
Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг уланууда. Чогулгандар депутаттардын Баткендеги кырдаалга болгон реакциясын талап кылышууда.
Акциянын катышуучуларына буга чейин төрага Талант Мамытов менен жолугушкан жарандар чыгышты. «Азыр бийлик жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатат. Адамдар эвакуацияланууда. Депутаттар кезексиз жыйын өткөрүп жатышат. Саат 15:00дө Жогорку Кеңеште кайра спикер менен жолугабыз», - деди митингчилердин бири.