Abank
SerepTV Logo

ЖККУнун тынчтык орнотуучуларынын машыгуусу Кыргызстанда өткөрүлбөйт

ЖККУнун тынчтык орнотуучуларынын машыгуусу Кыргызстанда өткөрүлбөйт
Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги ЖККУнун тынчтык орнотуучуларынын "Майтарылгыс боордоштук" аттуу машыгуусун өткөрбөө тууралуу чечимин кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматынан бул машыгуунун өтүүсү октябрь айында Кыргызстандын аймагында болору пландалганын билдиришти. Буга чейин депутат Балбак Түлөбаев бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/deputat-balbak-tylobaev-tajikstandyn-prezidenti-menen-korgoo-ministrine-kairyldy/">көтөрүп, Тажикстандын президенти менен коргоо министрине кайрылган болчу.