Royal
SerepTV Logo

"Жигити экөө урушуп кетип, башка унаа менен кетейин деген". Чүйдө ала качуу фактысы тастыкталган жок

"Жигити экөө урушуп кетип, башка унаа менен кетейин деген". Чүйдө ала качуу фактысы тастыкталган жок
Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө Кемин районундагы ала качуу фактысы тастыкталган жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИББден билдиришти.  11-июнь күнү милицияга жергиликтүү тургундан белгисиз адамдар ала качып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча Чүй облусунун ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы барган. Айтылган унаа жолдо токтотулуп, ичиндегилер бөлүмгө жеткирилген. Аталган факты каттоого алынган. Жарандар тергөөгө чейинки иш-чаралардын жүрүшүндө 10-июнда саат 21:00 чамасында Токмок шаарындагы кафелердин бирине достору менен жолугушуу үчүн Бишкек шаарынан чыгып кетишкендигин түшүндүрүшкөн. Саат 00:00дө алар андан ары кетүүнү пландап, бирок жол боюнда уруша кетишкен, андан улам таарынган кыз өтүп бара жаткан унаа менен кетип калгысы келген, бирок кийин элдешип, кайра Бишкек шаарын көздөй жөнөшкөн. Ошол эле учурда кыз аталган факты боюнча ички иштер органдарына арыз берүүдөн баш тартып, ала качуу фактысы болбогондуктан бул факты боюнча ишти токтотууну суранган. 12-июнь күнү Чүй ОИИБден кыз ала качууга аракет кылган жигиттер кармалганын билдиришкен болчу. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/chyido-22-jashtagy-kyzdy-ala-kachkan-delgen-jigitter-karmaldy/">болчу.