Abank
SerepTV Logo

Жети миллионунчу кыргызстандык төрөтканадан чыгарылды (видео)

Жети миллионунчу кыргызстандык төрөтканадан чыгарылды (видео)
Кызыл-Кыяда төрөлгөн жети миллионунчу кыргызстандык төрөтканадан чыгарылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары видео менен бөлүштү. Жети миллионунчу кыргызстандык Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду. Ал фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 килограмм, бою 54 сантиметр. Атын президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койгон.
width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">