Abank
SerepTV Logo

Желим бөтөлкө саткан карыя иштеп тапкан акчасын жардамга муктаж келинге берди

Желим бөтөлкө саткан карыя иштеп тапкан акчасын жардамга муктаж келинге берди
SUPERTV телеканалында 26-июль күнү "Желим бөтөлкө саткан 94 жаштагы карыя" деген материал жарык көргөн. Дал ошол аксакал желим бөтөлкө сатып, чогулткан акчасын 5 балалуу жалгыз бой энеге тапшырып, жардам берди. Бул видеодо Эгем Гаипназаров өзүнө эл тарабынан келген жардам тууралуу да айтып берди. "Видео чыккандан кийин жардамдар келди. Көп акча түшкөнүнөн корктум. Акчаны балама бердим. Бөтөлкө сатып чогулткан акчаны карылар үйүнө берсемби деп ойлондум. Акыры 2 күн ойлонуп, 5 баласы бар, жардамга муктаж келинге бермей болдум",- деди ал.