Royal
SerepTV Logo

"Жашоо уланууда". 4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков кадимки режимде иштеп жатканын айтты

"Жашоо уланууда". 4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков кадимки режимде иштеп жатканын айтты
Мурдагы 4-оорукананын, азыркы Тез жардам ооруканасынын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков кадимки режимде иштеп жатканын соцтармактагы баракчасына жазды. "Сиздерге билдирип кетким келет, биздин жумушубуз кадимки режимде уланууда. Күн сайын мен 5-6 операция жасайм. Анан бөлүмдөрдү айланам, 30-40 бейтапты кабыл алып турам. Мени колдогондорго жана биздин ишибизди түшүнбөй сын айткандарга да ыраазычылыгымды билдирем. Мен үчүн жашоо уланууда: бейтаптар, операциялар, илим жана башка иштер жүрүүдө", - деп жазды ал. Февраль айынын башында министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/sabyrbek-jumabekov-kyzmatsyz-kalyshy-mymkyn-sebebi/">алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүшкөн" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkektegi-4-oorukananyn-aldynda-medkyzmatkerlerdin-mitingi-otyp-jatat/">өткөрүшкөн. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ministr-sabyrbek-jumabekov-kyzmatynan-boshotuldu/">алынганын айткан. Анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/sabyrbek-jumabekovdun-orduna-daiyndalgan-jany-direktordu-oorukanaga-kirgizbei-koyushtu-video/"> киргизбей коюшкан. 10-февралда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги мурдагы 4-оорукананын, азыркы Тез жардам ооруканасы менен байланышканында, Сабырбек Жумабековдун өз ордунда иштеп жатканы, операцияларды жасап жатканы маалым болгон. Бирок жаңы дайындалган башкы дарыгер Дамир Дүйшөновго эмгек жамаат каршы экенин" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/4-oorukananyn-ak-halatchandary-jany-daiyndalgan-jetekchige-karshy-ekeni-maalym-boldu/">экенин айтышкан. Кийинчерээк оорукананын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу болуп Памир Муратов дайындалганы" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/urushup-ketip-dyishonov-bash-tartty-4-oorukananyn-bashky-darygerinin-mildetin-atkaruuchu-bolup-muratov-daiyndaldy/"> маалым болду.