Балдарга жыныстык зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү кастрация кылуу сунушу комитетте жактырылды
Балдарга жыныстык зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү кастрация кылуу сунушу комитетте жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
"Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кылмыш кодекси, Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү кийирүүнү жактырды. Депутат Улан Бакасов сунуштаган мыйзам долбоорго ылайык, балдарга жана жашы жете элек өспүрүмдөргө жыныстык зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү кастрация кылуу сунушталууда", - деп айтылат маалыматта.