Abank
SerepTV Logo

"Баладай жөрмөлөгүм келет" дейт атка тебеленип, төшөккө байланып калган улакчы

"Баладай жөрмөлөгүм келет" дейт атка тебеленип, төшөккө байланып калган улакчы
Биздин бул жолку карманыбыз Анур Жээнбек уулу. Ал мындан 6 ай мурда айылда улак тартыш ойноп жатып, аттардын тебелендисинде калып, катуу жаракат алганын айтат. “Ошондон бери төшөккө байланып калдым” деген ал чоң улакчылар менен жолугушууну кыялданарын айтат. "Кичинемден атка кызыгам. 7 жаштан ат минип, 7-8-класстан баштап улак ойноп жүрөм. Чоң улакчылардын күйөрмандарымын. Рустам Тыналиев келип, ден соолугумду сураса, төшөктөн туруп кетчүдөй болом. Мен азыр баладай жөрмөлөгөндү каалайм. Денем уюп кеткенде оодарылсам дейм",- деди ал.