Abank
SerepTV Logo

Жапаров Тажикстандын кол салуусунан талкаланган Максат айылына барды

Жапаров Тажикстандын кол салуусунан талкаланган Максат айылына барды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районундагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ал Тажикстан тараптан куралдуу агрессиянын кесепетинде жабыркаган Максат айылындагы милиция бөлүмүн жана фельдшердик-акушердик пунктту көрүп чыкты, анда капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн. Фельдшердик-акушердик пункт «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан оңдолду. Акылбек Жапаров ошондой эле Максат айылындагы турак жайлардын курулушу менен да таанышты. Ага учурда курулуп жаткан үйлөрдүн долбоорлору көрсөтүлдү. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="145134,145135,145136,145137"]