Abank
SerepTV Logo

Жаңы окуу жылындагы каникулдардын графиги бекитилди

Жаңы окуу жылындагы каникулдардын графиги бекитилди

Кечээ, 16-августта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйрукка кол койду. Ага ылайык, түрлөрүнө жана менчиктик таандыгына карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-окуу жылы 1-сентябрда башталып, 2024-жылдын 25-майында аяктайт.

2023-2024-окуу жылына мектеп каникулдарынын графиги бекитилди:
- күзгү каникул – 7 календардык күн: 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, сабактар 13-ноябрдан башталат;
- кышкы каникул - 14 календардык күн: 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 15-январдан башталат;
- жазгы каникул - 11 календардык күн: 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулуп, сабактар 1-апрелден башталат. Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.