Жаңы жылдан тарта Ош шаарында муздак суунун баасы кымбаттайт
Жаңы жылдан тарта Ош шаарында муздак суунун баасы кымбаттайт. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин токтомунда" target="_blank">https://docs.google.com/viewer?url=http%3A%2F%2Foshkenesh.kg%2Findex.php%3Fdo%3Ddownload%26id%3D481%26viewonline%3D1">токтомунда айтылат.
Депутаттар шаардын калкы үчүн ичүүчү суунун 1 куб метрине 6 сом 88 тыйын, саркынды сууларды тазалоо үчүн тарифти 4 сом 20 тыйын деп бекитүү чечимине келишкен.
Акыркы жолу Ош шаарында муздак сууга болгон тариф 2012-жылы 5,31 сомго көтөрүлгөн.