Abank
SerepTV Logo

Жаңы жылда эс алуу канча күнгө созулат? Токтом долбоору коомдук талкууга чыкты

Жаңы жылда эс алуу канча күнгө созулат? Токтом долбоору коомдук талкууга чыкты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "2023-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" Министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Аталган министрлик Жаңы жылда 1-январдан 8-январга чейин эс алуу күндөрү кылууну сунуштоодо: - 1-январь жекшемби күнгө туш келгендиктен, 2-январь да дем алыш күнү болот; - 3-январдын ордуна 9-январь (дүйшөмбү) иш күнү болот, негизи бул күн Рождествонун (7-январь) урматына эс алуу күнү болмок; - 4-январдын ордуна 25-февраль (ишемби) иш күнү болот; - 5-январдын ордуна 11-март (ишемби) иш күнү болот; - 6-январдын ордуна 25-март (ишемби) иш күнү болот; - 7-8-январь (ишемби, жекшемби) күндөрү.