Abank
SerepTV Logo

"Жаңы жашоо башта дешти". Аквапаркта баласы чөгүп каза болгон эне үйлүү болду

"Жаңы жашоо башта дешти". Аквапаркта баласы чөгүп каза болгон эне үйлүү болду
Ушул жылдын 6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Анын апасы Асел Азыкова микроинсульт алып, жакында Түркиядан бутуна операция жасатып келген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ага байланышканыбызда, ал үйлүү болгонун айтты. "Ата-энем "жаңы жашоо башта" деп үй алып беришти", - деди ал. Ал ошондой эле Түркияда операция жасатып келген буту жакшы болуп калганын да айтты. "Бутум жакшы болуп калды. Азырынча балдак менен басып жатам", - деди ал. Ал буга чейин социалдык тармактагы баракчасына каза болгон уулу Атайдын атынан "Атайчик" деген интернет дүкөн ачуу планы менен да бөлүшкөн эле. Азырынча бул план артка жылып калганын айтты.