Abank
SerepTV Logo

Жансыз денеси Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн табылган 15 жаштагы кыз тууралуу маалымат

Жансыз денеси Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн табылган 15 жаштагы кыз тууралуу маалымат
Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Октябрь РИИБге шилтеме берүү менен Бишкектеги салынып бүтө элек көп кабаттуу үйдө жаш кыздын жансыз денеси табылганын билдирген. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkektegi-kurulup-jatkan-kop-kabattuu-yidon-15-jashtagy-kyzdyn-jansyz-denesi-tabyldy/">билдирген.  «8-майда саат 09:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыздын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Октябрь РИИБдин кызматкерлери барышып, фактыны тастыкташкан. Айтылган жерде 2008-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө жүрүп жатат», — дешкен Октябрь РИИБден. Редакцияга окуя боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришип, 8-майда Чүй ОИИБге Чүй районунун жетим жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган жатак мектебинин педагогу кайрылганын билдиришти. Арызда 2008-жылы туулган кыздын 6-майда кечке маал чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган. Бул факты катталып, текшерүү башталган. Жансыз денеси Бишкектеги Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде табылган.