Abank
SerepTV Logo

Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат

Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда баштала тургандыгын билдирди. Төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт: I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү); II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү); III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда - Жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү). Каттого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.