Жалал-Абаддагы психиатриялык ооруканадан 35 жаштагы жаран качып кетти
Жалал-Абаддагы психиатриялык ооруканадан 35 жаштагы жаран качып кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
"20-ноябрга караган түнү Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар 12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасында Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренеси менен мажбур иретинде дарыланып жаткан Өзбекстандын Фергана облусунун 1987-жылы туулган тургуну качып кеткен. Бул окуя "эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу” болуп катталып, териштирүү иштери жүрүүдө", - дешти.