Royal
SerepTV Logo

Жалал-Абадда тоодо кулап жаракат алган жаран тик учак менен Бишкекке жеткирилди

Жалал-Абадда тоодо кулап жаракат алган жаран тик учак менен Бишкекке жеткирилди

Жалал-Абад облусунун Акташ айылында тоодон кокустан кулап түшүп, бутунан жана башынан жаракат алган жаран ӨКМдин тик учагы менен куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Аталган жаранды учкучтар Акташ айылынан Бишкек шаарына тик учак менен алып келип, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда жаракат алган адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.