Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абадда студент группалашына калемпир спрей чачып жиберген

Жалал-Абадда студент группалашына калемпир спрей чачып жиберген

Жалал-Абадда колледждин студенти группалашынын бетине калемпир спрей чачып жиберген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 

"Жалал-Абад ШИИБге Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери 28-апрель күнү саат 12:00 чамасында ЖАМУнун колледжинин студенти өзү окуган колледжде курсташынын бетине калемпир спрей чачып жибергендигин, кесепетинен жабыр тарткан жаран медициналык жардам алып чыгып кеткендигин билдирген. Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына «Текшерүүнү талап кылган материал» болуп катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат", - дешти.