Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абадда орозого карата уй эти 400 сомдон сатылып жатат. Дареги

Жалал-Абадда орозого карата уй эти 400 сомдон сатылып жатат. Дареги
Орозого карата Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базарда уй этинин килограммы 400 сомдон сатылып жатат. Аталган базардагы эт саткан соодагерлер арзандатуу Орозо айы бүткөнгө чейин улантылат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти. Белгилей кетсек, аталган базарда азык-түлүктөрдү, керектелүүчү тиричилик буюмдарды да арзан баада сатуу уланып жатат. Атап айтканда өсүмдүк майынын 5 литри 530 сом, кумшекер 75 сом, картошка 33 сом, сабиз 30 сом, пияз 45 сомдон сатылууда. Дареги: Жалал-Абад шаары Курманбек көчөсү 8. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="172106,172107,172108"]