Жалал-Абадда Орозо айына карата бир нече кичи автобус жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт
Жалал-Абадда Орозо айына карата бир нече кичи автобус жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт. Бул тууралуу шаардык мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен билдиришти.
Орозо айына карата Жалал-Абад шаарындагы №101, 104, 103,105, 109, 110 маршруттук каттамдарында бирден кичи автобус эртең, 24-март күнү жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Агенттиктен кошумчалашкандай, акысыз каттам жүргүзө турган кичи автобустарга "Орозоңуз кабыл болсун. Орозо айынын урматына жол акы алынбайт!” деген жазуу илинген.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="170823,170824"]