Royal
SerepTV Logo

Жалал-Абадда кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп карантинге жабылды

Жалал-Абадда кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп карантинге жабылды
Жалал-Абадда кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу журналисттерге Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечимди эпидемияга жана эпизоотияга каршы атайын комиссия кабыл алган. «№ 2 жана 7 орто мектептерде кызамык оорусу көп катталды. Окуу процесси убактылуу дистанциялык форматта өткөрүлөт», - деп билдиришти башкармалыктан.