Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абадда коменданттык саат киргизилип, блокпосттор орнотулуп жатабы? Милициянын жообу

Жалал-Абадда коменданттык саат киргизилип, блокпосттор орнотулуп жатабы? Милициянын жообу

Жалал-Абадда коменданттык саат киргизилген жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Акыркы убакыттарда Жалал-Абад шаарынын аймагында коменданттык саат киргизилип, жарандар жана унаалар текшерүүгө алынары боюнча жалган маалыматтар социалдык тармактарга тарап жатат. "Урматтуу жарандар, Жалал-Абадда «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтүүдө. Машыгуунун алкагында Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагына блокпосттор орнотулуп, милиция кызматкерлери кызмат өтөшүүдө. Бардык иш-чаралар машыгуунун алкагында гана уюштурулуп, жарандарга эч кандай чектөөлөр коюлган жок. Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз. Мыйзамдарды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт", - дешти.