Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абадда кар көчкүдө калып калган 2 жаран куткарылды

Жалал-Абадда кар көчкүдө калып калган 2 жаран куткарылды
16-февраль күнү Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун болжол менен 80-90-чакырым аралыгында кар көчкү жүрүп, Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унааны басып калган. Унаанын ичинде айдоочу менен кошо бир жүргүнчү калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jalal-abadda-kar-kochky-tyshkon-aimakta-aidoochu-menen-jyrgynchy-izdelip-jatat/">түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
№27 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 5 кызматкер тартылып, жогоруда аталган унаа жолунда 99-98-чакырым аралыгына чейин кардан тазалап барышкан. Тынымсыз жааган кардын калыңдыгына байланыштуу жол тазалоо иштеринде кыйынчылык жаралып, кар көчкү түшүү учурлары катталып жаткандыктан саат 23:00дө тазалоо иштерин убактылуу токтотушкан.
Кечээ, 17-февралда тазалоо иштерин улантуу максатында №27 Жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 6 кызматкер тартылган жана жогоруда аталган жарандарды коопсуз жайга алып келүү максатында Чаткал райондук №81 ӨКБдан 5 куткаруучу, туугандарынан 4 жаран тартылып, жарандар унаа жолдун 88-чакырымда жолугушуп, туугандарына өткөрүлүп берилген. Жол жабык болгондуктан унаа жеринде калды.