Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абадда августтан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Ошто табылды

Жалал-Абадда августтан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Ошто табылды
Милиция августтан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү таап, ата-энесине өткөрүп берди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Буга чейин Жалал-Абад ШИИБге шаар тургуну кайрылып, август айынын ортосунда 2008-жылы туулган уулу качып кеткен бойдон дайынсыз экендигин билдирген. ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекция тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 14 жаштагы өспүрүм Ош шаарында жүргөндүгү аныкталган. Ал Жалал-Абадга алып келинип, ата-энесине өткөрүлүп берилди.