Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абаддын 5 тургуну “Хизбут-Тахрир” уюмунан баш тартты

Жалал-Абаддын 5 тургуну “Хизбут-Тахрир” уюмунан баш тартты
Жалал-Абад облусунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргызстандагы диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Хизбут-Тахрир» диний экстремистик уюмунун мүчөлөрүнөн баш тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда. Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары 1972, 1974, 1975, 1976 жана 1994-жылы туулган жарандар экстремисттик идеологиядан баш тартышкан. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="164926,164927,164928,164929,164930"]