Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абадда 26 жаштагы келин өз жанын кыйды. Жакындары экспертизадан баш тартышкан

Жалал-Абадда 26 жаштагы келин өз жанын кыйды. Жакындары экспертизадан баш тартышкан
6-февраль күнү саат 20:30 чамасында Токтогул районунун тургуну 1997-жылы туулган келин белгисиз себептерден улам өзү жашаган үйдөгү сарайдын ичиндеги жыгач тосунга пресс жип менен муунуп каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Бул окуя Токтогул РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Каза болгон келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок жакын туугандары жансыз денени экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан, акт түзүлгөн. Азыркы учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.