Жалал-Абадда 19 адам тамакка ууланып, ооруканага жаткырылган
Жалал-Абадда 19 адам ууланып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад ШИИБдин "102" кызматына Жалал-Абад шаардык ооруканасынан чалуу болуп, анда шаардын тургундары Жалал-Абад шаарында жайгашкан "Ага-ини" тез татым тамактануучу жайынан тамактангандан кийин ууланып, ооруканага кайрылып жаткандыгын билдирген.
Бул маалыматтын негизинде алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп, 27-июндан тартып ошол жерден тамактанып, ден соолугу начарлап жугуштуу оорулар бөлүмүнө 19 жаран ууланып кайрылып, ооруканага жаткырылганы такталган. Аталган факты боюнча топтогон материалдар Жалал-Абад ШИИБге катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.