Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди
Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, жергиликтүү бийлик, мекеме-ишканалардын жамааттары жана тургундар катышты.
Нооруз майрамындагы салтанат театралдаштырылган көрүнүш, улуттук оюн-зоок, концерттик программа жана көргөзмө жарманке менен коштолду. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="170317,170318,170316,170319,170314,170312,170313,170315"]