Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абад шаарында Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери көз жумду

Жалал-Абад шаарында Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери көз жумду

25-март күнү Жалал-Абад шаарындагы жалгыз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан 99 жашында дүйнөдөн кайтты.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан Башкыр АССРинде туулган. Советтик Армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат өтөгөн. Ал Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген. Ардагер Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы, "Германияны жеңүү" жана башка медалдар менен сыйланган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="234395,234396,234397"]