Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абад ОИИБде жаңы кызматтык унаалар 3 бөлүмгө тапшырылды

Жалал-Абад ОИИБде жаңы кызматтык унаалар 3 бөлүмгө тапшырылды
Бүгүн, 8-майда Жалал-Абад ОИИБде жаңы унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. "Демөөчүлөр тарабынан ИИМге берилген автоунаалардын ичинен «Лада Гранта» үлгүсүндөгү кызматтык унааларды Жалал-Абад ОИИБге тапшырды. Бүгүн, 8-майда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында жаӊы кызматтык унаалар Жалал-Абад, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө берилди. Жаӊы унаалардын ачкычтарын Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилерине берип, унаалар кызматтын кызыкчылыгы үчүн туура пайдаланылышы керектигин белгиледи. Буга чейин да Ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү 3 кызматтык автоунаа берилип, алар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмдөрүнө тапшырылган", - дешти. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="179167,179168,179169"]