Royal
SerepTV Logo

Жалал-Абад милициясы Жаңы жыл менен өзгөчө куттуктады (видео)

Жалал-Абад милициясы Жаңы жыл менен өзгөчө куттуктады (видео)
28-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында Жалал-Абад ОИИБдин, Жалал-Абад ШИИБдин, Сузак РИИБдин, облустук ЖКККБнын, ИИМдин Күзөт кызматынын Жалал-Абад бөлүмүнүн унааларынын коштоосунда Жаңы жылга карата "2024" жазуусу жазылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Майрамдык маанайды көтөрүү, Жалал-Абад облусунун тургундарына жана меймандарына позитивдүү ой калтыруу идеясы Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов тарабынан демилгеленип, Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары Зарылбек Раимкулов, Жалал-Абад облустук жана Жалал-Абад шаардык ЖКККБнын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылды.
width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">