Abank
SerepTV Logo

"Жакындары тааныды". Түркиядагы жер титирөөдө кыргызстандык каза болду

"Жакындары тааныды". Түркиядагы жер титирөөдө кыргызстандык каза болду

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Хатай шаарында Кыргызстандын жараны (аял киши) каза болгонун Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 11-февралда билдирди.

Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталган. Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү жеринде болуп, документтерди даярдоого жана маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөктөшүүдө.