Жактоочу: "Абакта жаткан Арстан Алай каза болду"
Бүгүн, 5-январда ЖАКтын №31 мекемесинде Арстан Алайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров жазды.
"Иш УКМК тарабынан тергелип жатса да, анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн тергөөчү №1 СИЗОго камоону өтүнгөн үчүн ушундай иш болуп жатат. СИЗОнун жетекчилигине анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир нече жолу кат жүзүндө кайрылганыма карабай ушундай болду. Эмнеге, кимдин көрсөтмөсү менен №31 колонияга которулганы бизге белгисиз. Бир сөз менен айтканда, укук коргоо органдарынын, тергөөчүлөрдүн, соттордун мыйзамсыз аракеттери адамдын өлүмүнө алып келди", - деп жазды ал.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жаза аткаруу кызматы маалымат даярдалып жатканын айтышты.
Арстан Алай 14-декабрда дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жатканы маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/arstan-alai-daiynsyz-bolup-izdelip-jatat/">маалым болгон. 15-декабрда анын УКМК тарабынан кармалганы" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/arstan-alai-tabyldy-anyn-ukmk-tarabynan-karmalgany-belgilyy-boldu/">кармалганы жана «диний кастыкты козутуу» беренеси менени айыпталып жатканы айтылган. Кийин УКМК маалымат таратып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kyzdardy-koldongon-ukmk-arstan-alai-tuuraluu-koshumcha-maalymat-berdi/">таратып, Арстан Алайды "кыздарды колдонуп жүргөн" деген. 17-декабрда бөгөт чарасы каралып, 15-январга чейин камакта калтырылган болчу" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/arstan-alai-15-yanvarga-cheiin-kamakta-kaltyryldy/">болчу. 25-декабрда социалдык тармактарда «Арстан Алай абакта каза болду» деген маалымат тарап, ЖАКтан бул маалымат жалган деп билдиришкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/arstan-alai-kaza-boldu-degen-maalymat-jalgan/">билдиришкен.https://serep.kg/wp-content/uploads/2024/01/photo_5240402324017501934_y.jpg" alt="" width="591" height="1280" />