Жазаларды аткаруу кызматы интернетте тараган сүрөт боюнча комментарий берди
Социалдык тармактарда Москва районунун Петровка айылындагы №3 түзөтүү колониясынын аймагында тартылган деген сүрөт тарады.
Сүрөттө көп сандагы адамдар көрсөтүлгөн. Болжол менен булар соттолгондор.
Өз кезегинде Жаза аткаруу кызматы 3-мекемедеги сүрөт боюнча маалыматты четке какты. «ЖАКтын бардык түзөтүү мекемелери кадимки режимде иштеп жатат. Эч кандай окуя катталган жок», - деп билдиришти.