Abank
SerepTV Logo

"Жайлоодон көрүшкөн". Кадамжайда 35 жаштагы келин аман-эсен табылды

"Жайлоодон көрүшкөн". Кадамжайда 35 жаштагы келин аман-эсен табылды
Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылынын 1988-жылы туулган тургуну 29-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.  Акыркы жолу чабандар Лачын жайлоосунан көргөндүгү тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Ал жерге издөөгө 5 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, Лачын жайлоосуна чектеш жайгашкан Сары-Талаа жайлосунан туугандары тарабынан аман-эсен табылды. Абалы туруктуу.