"Жай эмес, кыш келди". Нарында кар жаады (видео)
Кочкор районунда кар жааганын жергиликтүү тургун билдирди.
Видео бүгүн, 24-майда Кара-Суу айылында тартылган. Видеонун автору кар таңкы убакыттан бери жаап жатканын, жай эмес, кыш келгенин айтат.