Жаандан улам Арча-Бешик конушундагы үйлөрдү суу каптады (сүрөт)
21-мартта нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен 22-мартка караган түнү Манка-Жар коктусундагы сел тосмодон суу ашып, Арча-Бешик конушунун айрым көчөлөрүндөгү үйлөрдү суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тактоо иштеринин натыйжасында, Арча-Бешик конушунун Азем көчөсүндөгү 6 үйдү, Кара-Кужур көчөсүндөгү 14 үйдү, Жайыл баатыр көчөсүндөгү 4 үйдү, Шербет көчөсүндөгү 8 үйдү суу каптаган. Анын ичинен Азем жана Бердибаев көчөсүндөгү эки үйдүн короосунда суу топтолуп калган.
22-март саат 12:00гө карата ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жана Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 11 кызматкер 2 мотопомпа менен, Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынан 5 кызматкер, Батыш РЭТтен1 бригада, Бишкек жашыл чарба ишканасынан 2 атайын техника тартылып, Азем жана Бердибаев көчөсүндөгү эки үйдүн короосундагы суу сордурулуп бүттү.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="233839,233840,233841,233842,233843,233844"]