Abank
SerepTV Logo

Жааган кардан улам "Сосновка" постунда чектөө киргизилди

Жааган кардан улам "Сосновка" постунда чектөө киргизилди

Бүгүн, 19-октябрда саат 18:00дө Жайыл районунун "Сосновка" постунан оор жүк ташуучу унааларды кышкы дөңгөлөгү жана дөңгөлөккө байлануучу чынжыр болсо гана өткөрүлүп жатат.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы айдоочуларды Бишкек-Ош жолунда жүрүүдөн баш тартууну суранат.