IT-адистерди даярдоо максатында Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи түзүлдү
Президент Садыр Жапаров “№ 99 Кесиптик лицейи мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистер дүйнө жүзү боюнча ар кандай товарларды жана кызматтарды өндүрүү менен алектенген компанияларда абдан популярдуу. Ошондуктан башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында IT-адистерди сапаттуу даярдоого көңүл буруу керек.
IT-багыттар боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, эмгек рыногунда талап кылынган атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоо максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
- Кеңири финансылык автономия жана академиялык эркиндик берүү менен «№ 99 Кесиптик лицей» мекемесине өзгөчө статус берилсин жана андан ары «Президентке караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи» мекемеси деп аталсын.
- «Президентке караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи» мекемесине өзгөчө статустун алкагында төмөнкүдөй укуктар берилет деп белгиленсин:
- Билим берүү жана илим министрлиги: