Ири алдамчылыкка айыпталган БШКнын мүчөсү жумушка чыкты
550 миң доллар пара алууга шектелген Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов жумушка чыкты. Бүгүн, 1-февралда ал БШКнын жыйынына катышты.
Жергиликтүү ЖМКлар жазган маалыматка караганда, Эшимов буга чейин дагы эки жыйынга катышкан.
11-сентябрда БШКнын мүчөсүнө Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланган. Ал Биринчи Май райондук сотуна жеткирилген, сот кармалган жаранды тергөө учурунда УКМКнын тергөө абагына" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/iri-aldamchylykka-shektelip-bshknyn-mychosyn-karmaldy/">абагына камаган. Январдын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту Эшимовдун баш коргоо чарасын эч жакка чыкпоо шарты менен бошоткон. 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Эшимов 2021-жылдын декабрь айында жазган арызын кайра чакыртып алганы белгилүү" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/bshknyn-mychosy-akylbek-eshimov-otstavkaga-ketyy-tuuraluu-aryz-jazdy/">белгилүү болду.