Abank
SerepTV Logo

Индиядагы поезддердин кагылышуусу. Жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок

Индиядагы поезддердин кагылышуусу. Жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок
Индиянын Одиша штатында поезддин кагылышынан каза болгондордун саны 300 адамга" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/turkun-duino/indiyada-300-kishinin-omyr-algan-poezdderdin-kagylyshuusuna-emne-sebep-bolgonu-aityldy/"> жеткен. Поезддер 2-июнда Баласор шаарына жакын жерде кагылышкан. Темир жол жетекчилигинин жаңыланган маалыматына караганда, Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10-12 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен каршы жолго чыгып кеткен. Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезди аларды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен дагы үч-төрт вагон рельстен чыккан. Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Кыргызстандын элчилиги көзөмөл жүргүзүп жатканын, учурда жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары катталбаганын билдиришти.