Abank
SerepTV Logo

Илимдер академиясында "Айтуучулук өнөрдүн күнгөй-тескейи" деген кеңеш өттү

Илимдер академиясында "Айтуучулук өнөрдүн күнгөй-тескейи" деген кеңеш өттү
Кечээ, 18-апрелде Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда “Айтуучулук өнөрдүн күнгөй-тескейи” аталышындагы республикалык деӊгээлдеги кереге кеӊеш уюштурулду. Бул тууралуу Илимдер академиясынан билдиришти. "Анда учурдагы айтуучулук өнөрдүн уланмалуулугу, айтуучулук мектептин жоктугу, айтуучу менен аудиториянын карым-катышы, элдик эпикалык мурасты өзгөчө кенже эпосторду, дастандарды айтуучулардын жеткиликтүү болбой жатышы жана башка маселелер талкууланды. Жыйынга айтуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, изденүүчүлөр, маселеге кызыккан жарандар катышты", - деп айтылат маалыматта. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="175643,175644,175645,175646,175647,175648"]