ИИМ: "Интернетте өлкө жетекчилигинин атынан ойнотуулар жүрүп жатканы - калп"
Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга жана күмөн жараткан ойнотууларга ишенбөөгө чакырды.
"Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар өлкө жетекчилигинин атынан күмөн жараткан ойнотууларды жана акцияларды өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Буга байланыштуу, республикада өлкөнүн жогорку жетекчилигинин өкүлдөрүнүн атынан эч кандай күмөн жараткан ойнотуулар жана акча чогултуулар өткөрүлбөгөнүн маалымдайбыз", - дешти.