ИИМ: Баңгизат иши боюнча 18 жетекчи жазаланды
Кечээ, 18-августта Ички иштер министрлигинде ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bangizat-boyuncha-karmalgan-milicziya-kyzmatkerleri-boyuncha-kyzmattyk-iliktoo-bashtaldy/">кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулду.