Ханайым Айгүл Жапарова Өзбекстандагы форумга катышты (сүрөт)
Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Өзбекстандын биринчи айымынын чакыруусу менен 9-ноябрда Ташкент шаарында «Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү - балдар жана жаштар иш-аракетте» аттуу эл аралык форумга катышты. Иш-чарага Өзбекстандын, Түркиянын жана Ирандын биринчи айымы катышты. Биринчи айым Айгүл Жапарова өз сөзүндө Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан эң байыркы шаарлардын бири болгон Өзбекстандын борбору Ташкентке келүүгө чакырганы үчүн Зироат Мирзийоевага терең ыраазычылык билдирди. "Сиздин заманбап дүйнөнүн актуалдуу көйгөйлөрүнө болгон аяр мамилеңиз, климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлерине каршы күрөшүүдө, анын ичинде экологиялык билим берүүнү жайылтууда балдардын жана жаштардын ролун түшүнүүңүз терең урмат-сыйды туудурат", - деди ал. Айгүл Жапарова ошондой эле Кыргызстандагы климаттын өзгөрүү проблемаларын чечүүгө балдарды жана жаштарды тартууга өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Бул иш системалуу түрдө жүргүзүлүүдө жана өнүгүүнүн Улуттук стратегиялык документтеринде чагылдырылган. Биринчи айым балдар жана жаштар климаттын өзгөрүшүнө башкаларга караганда аялуу гана эмес, ошондой эле улуттук климаттык максаттарга жетүүдө маанилүү катышуучулар экенин баса белгиледи. "Өлкөбүздүн аймагынын жарымынан көбү 1 миңден 3 миң метрге чейинки бийиктикте жайгашкан жана бийик тоолуу аймактардын жашоочулары туш болгон кыйынчылыктар бизге жакшы белгилүү. Климаттын өзгөрүшүнө, суу ресурстарынын тартыштыгынын күчөшүнө, жердин деградациясына жана табигый кырсыктарга байланыштуу тоолуу өлкөлөр олуттуу тобокелчиликке дуушар экени ачык көрүнүп турат", - деди Айгүл Жапарова. Жыйынтыгында биринчи айым бүгүнкү форумдун темасы өз убагында болуп, жаш муунга жагымдуу чөйрөнү түзүүгө жана келечекти туруктуу өнүктүрүүгө багытталгандыгын баса белгиледи.