"Хайп үчүн". Бишкекте мектепте теракт жасайм деген адам окуучу экендиги аныкталды
Социалдык тармактарда Бишкектеги №49 мектепте теракт жасалары айтылган сүрөт тарады.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. Маалыматка караганда, аталган факты каттоого алынып, тергөө башталган. "Милиция тарабынан 7-класстын окуучусу аныкталган. Ал бул жазууну жаңы катталуучу алып келүү үчүн хайп жасаганын айтты", - дешти.