- мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого – 18 миллиард 867,5 миллион сом;
- электр энергиясы үчүн компенсацилык төлөмдөрдү каржылоого – 2 миллиард 9,8 миллион сом;
- аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо каржылоого – 4 миллиард 204 миллион сом;
- калктын айрым категорияларына жеңилдетилген пенсиялык камсыз кылууну каржылоого жана (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашагандарга жана башка) пенсияларга кошумча төлөө каржылоого – 3 миллиард 989,8 миллион сом;
- Баткен облусунун өзгөчө статусу бар чек арага жакын аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлердин пенсияларга компенсациялык төлөмдөргө - 281,2 миллион сом.
Финансы министрлиги: "Өткөн жылы пенсия 90 пайызга чейин көбөйтүлдү"
2022-жылдын 11 айы үчүн Социалдык фондго пенсиялык камсыздоого байланыштуу чыгымдарды каржылоо боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткарууга республикалык бюджеттен 29 миллиард 352 миллион 300 миң сом бөлүнгөн, анан ичинен: