"Эттин баасы 490-570 сом". Айыл чарба министрлиги Бишкектин базарларын кыдырып чыкты
Кечээ, 16-июнь күнү Айыл чарба министрлиги Бишкек шаарындагы 5 базарга барып, эттин баасын текшерүүгө алган. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.
Министрликтин демилгеси менен Министрлер кабинети 17-марттагы № 140 “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өзгөчө түрлөрүн экспорттоого (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтому 6 айлык мөөнөткө кабыл алынган, анда:
ЕАЭБ аймагынан тыш буудай жана меслин, буудай уну, өсүмдүк майы, күнкарама уруктары, кумшекер, тооктун жумурткасы, инкубациялоо үчүн жумурткалар;
Кыргызстандын аймагынан тыш бодо малдын эти (жаңы же муздатылган, тоңдурулган), тоют (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоюту), арпа, сулуну экспорттоого тыюу салынган.
16-июнга карата ири жана майда малдын этинин баасы:
"Азиз" базары:
бодо малдын эти 490-550 сом, майда мал 500-550 сом.
"Ак-Эмир" базары:
бодо малдын эти 500-550 сом, мал 550-600 сом.
"Орто-Сай" базары:
бодо малдын эти 530-570 сом, майда мал 530-570 сом.
"Аламүдүн" базары:
бодо малдын эти 490-520 сом, майда мал 480-600 сом.
"Ош базары":
бодо малдын эти 510-550 сом, майда мал 550-570 сом.
Буга чейин Бишкектеги базарларда, соода түйүндөрдө эттин баасы 600-700 сомго чыгып кеткени маалымдалган.