Royal
SerepTV Logo

Эскертүү! Футболго байланыштуу шаардын айрым көчөлөрү жабылат

Эскертүү! Футболго байланыштуу шаардын айрым көчөлөрү жабылат
Бишкекте 14-июнда саат 16:00дөн 23:00гө чейин Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын футбол боюнча Азия Кубогунун тандоо оюндарына байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Алар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы көчөлөр:
Тоголок Молдо көчөсү менен түндүктү карай - Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
Фрунзе көчөсү - Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин. Беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана Патрулдук милиция кызматы камсыздайт.